1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү 

Жыл сайын 1-декабрда бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күн ВИЧ/СПИД жөнүндө маалыматты жайылтууга, ооруга чалдыккан адамдарга карата болгон түшүнбөстүктү жана дискриминацияны жоюуга жана бул эпидемияга каршы күрөштү күчөтүүгө арналат.

Мындан улам ЖАМУнун  Агрардык техникалык институтунун ветеринардык медициналык кафедрасы тарабынан конференция өткөрүлдү. Иш-чарага АТИнин директорунун орун басары Гүлсанам Самидинова, ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө ВИЧ/СПИД  тууралуу кеңири маалымат берилип, актуалдуу фактылар менен тааныштыруучу презентация В-1-22 тайпасынын студенти Эралы уулу Сыймык тарабынан даярдалып, катышуучуларга оорунун алдын алуу жана болтурбоо жолдору боюнча да кеңири маалымат берди.  

Иш-чаранын максаты  ВИЧ кантип жугат, алдын алуу жолдору жана дарылоо ыкмалары жөнүндө маалымат берүү.