1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

1

Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Талас мамлекеттик университеттеринин ортосундагы илимий байланыштар.

2025-жылдын 28-ноябрь күнү Талас облустук К.Медетбеков атындагы драма театрында "Кыргыздын "Уңгужолундагы"  эрдиктерин менен даңазалаган ата-бабаларыбыз Эр Солтоной, Хан Садыр жана Нүзүп бийдин тарыхтагы изи" аттуу эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Алгач конференцияны Талас мамлекеттик университетинин ректору,техн.и.д,профессор Жыргалбек Сабырбекович ачты.

Куттуктоо сөздөргө КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Эсиркеповна, И.Арабаев, Ж.Баласагын КУУ, Кыргызстан Эл аралык университети, С.Нааматов атындагы НМУ, Б.Осмонов атындагы ЖаМУ атынан өкүлдөр чыгышты. Конференцияга Өзбекистан Республикасынын,Түркстандан жана Кыргызстандын ЖОЖнан окумуштуулар онлайн  катышышты. Кыргыз Республикасынын элинин эң башкы байлыгы жана сыймыгы-анын эгемен мамлекети. Эгемендүүлүк үчүн өмүрүн арнаган нечендеген тарыхый  инсандар:кеменгер эл башчылар, баатырлар,  коомдук-саясий ишмерлер эң башкы орунду ээлеп келишет.Ар бир тарыхый инсан  эрдиги,ишмердүүлүгү аркылуу  бири-бири менен айырмаланышкан. Конференциянын негизги максаты- Уңгужолубуздагы ата-бабалардын эрдигин даңазалоо жана жаш муундарга татыктуу жеткирүү болду. Конференцияда  өз эрдиктерин менен айырмаланган Эр Солтоной, Хан Садыр жана Нүзүп бийлердин  өмүр жолу жана эрдиктери жөнүндө куттуктоолордо,пленардык жана секциялык  бөлүмдөрүнөн  мазмундуу баяндамалар угулду.Талас облусундагы тарыхый-этнографиялык багыттагы музейлердин,Талас шаарындагы А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепкананын жана ТалМУнун Д.Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери тарабынан көргөзмөлөрү уюштурулду. Конференция өз максатына жетти.Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас мамлекеттик университети бирге  уюштурушту. Жалпы конференциянын катышуучулары коомдук ишмерлер,жазуучулар,ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер жана магистранттар, Талас облусунун тарыхчылары болду. 29.11.25. Конференциянын уюштуруу тобунун жооптуу кызматкери,тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жусупова Моймол Молдобековна.

Конференцияга т.и.к., доцент Анарбаева Гулнора Абдуманаповна, э.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна, э.и.д., доцент Карабекова Аида Камилжановна катышып сертификаттарга жана ыраазычылык каттарга ээ болушту. Андан сырткары Талас мамлекеттик университетинин студенттерине конок лекциялар «Улуттук экономика», «Дүйнөлүк экономика», «Тарых» дисциплиналарынан окулду.