1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Агрардык-техникалык институтунун «Электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр» багытында билим алган 4-курс студенттери үчүн «Релейлик коргоо жана автоматика» сабагынын алкагында мазмундуу жана практикалык мааниси жогору болгон конок лекция уюштурулду.

Иш-чарага Таш-Көмүр шаардык инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун улук окутуучусу, өз тармагынын тажрыйбалуу адиси Ирискулов Иляс агай чакырылып, лекцияны жогорку деңгээлде өткөрүп берди.

Лекциянын жүрүшүндө агай төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңири маалымат берди:

Электроэнергетикалык системалардагы реленин орду жана ролу: реле кандай функцияларды аткарары, системанын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоодогу мааниси.

Реленин дайындалышы жана иштөө принциптери: ток, чыңалуу, күч факторлоруна карата релелик түзүлүштөрдүн реакция механизмдери.

1 фазалуу жана 3 фазалуу электр чынжырларындагы коргоо схемалары: электр кабылдагычтардын түзүлүшү, авариялык абалдарды аныктоо жана өчүрүү алгоритмдери.

Замандын талабына жооп берген автоматика элементтери жана алардын иштөө логикасы:  бүгүнкү күндө энергия тармагында колдонулуп жаткан заманбап релелик коргоо жабдууларынын артыкчылыктары.

Ирискулов агай материалды теория менен чектебестен, өндүрүштүк тажрыйбадан алынган мисалдар, реалдуу кырдаалдар жана типтүү авариялык режимдер менен коштоп түшүндүрдү. Студенттер релелик коргоо системаларынын практикалык маанисин терең түшүнүп, келечектеги адистик ишмердүүлүктөрүндө маанилүү боло турган көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала алышты.

Бул конок лекция студенттердин кесиптик билимдерин кеңейтүүгө, теориялык түшүнүктөрүн практикага байланыштырып бекемдөөгө жана электроэнергетика тармагы боюнча ой-пикирлерин кеңейтүүгө олуттуу түрдө жардам берди