1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

«Жашыл дем — улуттук дем» аттуу экологиялык иш-чара өткөрүлдү.

Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасы "Жашыл дем-улуттук дем" аталышында экологиялык багыттагы иш-чара өткөрдү.
Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасы "Жашыл дем-улуттук дем" аталышында экологиялык багыттагы иш-чара өткөрдү.

 Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу, айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти күчөтүү жана жашыл демилгелерди колдоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге климаттын өзгөрүшү, жашыл аймактарды көбөйтүүнүн мааниси, калдыктарды туура сорттоо жана жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча маалыматтык баяндамалар тартууланды. Ошондой эле катышуучулар үчүн интерактивдүү суроо-жооп бөлүгү, чакан топтордогу талкуулар жана экологиялык жана социалдык жоопкерчилик боюнча тренингдер уюштурулду.

«Жашыл дем — улуттук дем» демилгеси студенттерди бириктирип, экологиялык маданиятты жайылтууга зор салым кошту жана жаратылышты коргоо — ар бир жарандын улуттук жоопкерчилиги экенин дагы бир жолу эске салды.