1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 часов назад

7

1

ГРАЖДАНДЫК КОРГОНУУ ЖАНА СПОРТТО КООПСУЗДУК

Агрардык-техникалык институту Электоэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу Ташиев З.К.
Агрардык-техникалык институту Электоэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучусу Ташиев З.К.

I. Сабактын максаты

1.       1. Студенттерге граждандык коргонуу системасынын маанисин жана негизги милдеттерин түшүндүрүү.

2.       2. Спорттук иш-чараларда коопсуздук эрежелерин жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерди үйрөтүү.

3.       3. Адамдын жашоосун жана ден соолугун сактоо боюнча жоопкерчиликти калыптандыруу.

4.       4. Куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

II. Каралуучу маселелер

5.       1. Граждандык коргонуунун түшүнүгү жана тарыхы.

6.       2. Граждандык коргонуу системасынын милдеттери жана түзүмү.

7.       3. Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү (табиый, техногендик, социалдык).

8.       4. Спорттук иш-чаралардагы техникалык жана инструменталдык коопсуздук чаралары.

9.       5. Кырсыктар учурунда спортчуларды куткаруу жана жардам көрсөтүү ыкмалары.

10.   6. Шаардык чөйрөдө кыймыл жана жол коопсуздугу.

III. Лекциялык бөлүк

Граждандык коргонуу (ГК) – бул мамлекеттин калкты, материалдык баалуулуктарды жана айлана-чөйрөнү согуштук, техногендик жана табигый өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган мамлекеттик система.

Граждандык коргонуунун негизги милдеттери

Граждандык коргонуунун милдеттери Түшүндүрмө жана мисалдар
1 Калкты коргоо Өзгөчө кырдаалда элди коопсуз аймакка көчүрүү. Мисалы: сел аймагынан көчүрүү.
2 Эвакуациялоо иштерин уюштуруу Жарандарды транспорт аркылуу чыгаруу, жайгаштыруу.
3 Куткаруу жана шашылыш жардам көрсөтүү Медициналык жардам, өрт өчүрүү, жаракат алгандарды чыгарып кетүү.
4 Коргонуу каражаттарын камсыздоо Маска, респиратор, коргоочу кийимдерди бөлүштүрүү.
5 Калкты окутуу жана маалымдоо Телерадио аркылуу эскертүү, эвакуациялык белгилерди үйрөтүү.
6 Инфраструктураны калыбына келтирүү Электр, суу, байланыш системаларын ишке киргизүү.

IV. Практикалык тапшырмалар

Практикалык тапшырма Максаты Аткаруу формасы
1 Граждандык коргонуу сигналы берилген учурда аракет планы түзүү Өзгөчө кырдаалда туура багыт алуу Группада талкуулоо, план түзүү
2 Эвакуациялык карта түзүү Коопсуз чыгуу жолдорун аныктоо Кагаз картада белгилөө
3 Алгачкы жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүү Практикалык көндүмдү өнүктүрүү Бир студент 'жабырлануучу', экинчиси жардамчы
4 Спорт залында коопсуздук эрежелерин текшерүү Кооптуу факторлорду аныктоо Объект боюнча байкоо жүргүзүү
5 Жол кыймылынын коопсуздук видеосун талдоо Аналитикалык ой жүгүртүү Видеону көрүп, талкуулоо

Баалоо критерийлери

Баалоо критерийлери Сипаттамасы Балл
Теорияны түшүнүү ГК милдеттери жана коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү 20
Практикалык тапшырмаларды аткаруу Алгачкы жардам, карта түзүү, анализ жүргүзүү 40
Талкууга катышуу Талаш-маекке активдүү катышуу 20
Презентация жасоо Кыскача жыйынтык жана сунуш 20

Жалпы балл: 100 баллга чейин