1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 часов назад

8

1

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында FAOнун өкүлү Кичиниебаатырова Марипа Айтпайевна жана Бактияр Нематиллаевдер 2023–2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө “Туруктуу агро–азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” темасында тестирлөө жүргүзүштү.

Тестирлөөнүн расмий жыйынтыгына ылайык, Ветеринардык медицина кафедрасы 78 балл алып, «орто деңгээлден жогору» деп бааланды.

Мындан тышкары, FAO өкүлдөрү бүгүнкү күндө окуп жаткан студенттерге да аталган тема боюнча кеңири маалымат берип, суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтык маалымат FAOнун расмий сайтына жарыяланды.