1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

9

Ветеринардык медицина кафедрасында 50 млн сомдук долбоор башталды

21-ноябрь күнү Агрардык-техникалык институтунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Эшенкулов Алмазбек Залимтороевич жетекчилик менен жолукту.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан малдардын асыл тукум сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды колдоо максатында ЖАМУнун Ветеринардык медицина кафедрасына 50 мин долларлык адистерди окутуп-үйрөтүү үчүн заманбап жабдыктар менен камсыздоодо.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Эшенкулов Алмазбек Залимтороевичдин демилгеси менен ишке ашууда. Жаңы окуу-үйрөтүүчү пункт аймактагы ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатууга, заманбап ыкмаларды практикалык окутууга жана асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.