1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

Жалал-Абад облусунун ӨКМ башкармалыгында иш ордунда окутуу.

760300 Технотөгөрөктүк коопсуздугу багытынын Өзгөчө кырдаалдар профили, ӨКК-1-22 тайпасы “Өзгөчө кырдаалдардагы мониторинг жана алдын алуу” предметинен жумушчу программага ылайык, студенттер “Өзгөчө кырдаалдар мониторингин жүргүзүү жана прогноздоо багытындагы Агенттиктин негизги милдеттери жана функциялары” темасы боюнча Жалал-Абад облусунун ӨКМ башкармалыгында иш ордунда окутуудан өтүштү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча практикалык маалымат жана түшүндүрмөлөр берилди:

• Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо боюнча мониторинг жүргүзүү тартиби;

• Табигый жана техногендик мүнөздөгү коркунучтардын деңгээлин баалоо ыкмалары;

• Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун эрте аныктоо системаларынын иштөөсү;

• Аймактык деңгээлдеги кырсыктардын кесепеттерин азайтуу боюнча чаралар;

• Өзгөчө кырдаал учурунда калкты коргоо жана маалымат берүү алгоритмдери.

Практикалык окутуу учурунда адистер реалдуу мисалдар аркылуу түшүндүрмө берип, жумуш процессинин этаптары, кырдаалдык баалоо жана ыкчам чечим кабыл алуу механизмдери көрсөтүлдү.

Бул окутуунун натыйжасында студенттер Агенттиктин ушул багыттагы ишмердүүлүгү менен тажрыйба жүзүндө таанышып, өз тармагындагы кесиптик даярдыгын жогорулата алышты.