1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

"Жетекчи менен 1 саат" аталышындагы иш-чара Агрардык-техникалык институтунда болуп өттү

«Жетекчи менен 1 саат» аталышындагы мазмундуу иш-чара Агрардык-техникалык институтунда жогорку деңгээлде уюштурулду. Жолугушууга 1- жана 3-курстун студенттери катышып, институт жетекчилиги менен ачык диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Институттун директору Карбекова Азиза Баймаматовна студенттер менен жакындан маектешип өзүнүн акылын айтып, жаштарга мотивация улашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган билим берүү сапаты, практика программалары, институттун келечектеги пландары жана студенттик демилгелерди колдоо багытындагы суроолор кеңири талкууланды. Директор жана кафедра башчылары ар бир суроого кеңири, түшүндүрмө жооп берип, студенттердин сунуш-пикирлерин кунт коюп угушту.

Бул жолугушуу жаштардын ой-пикирин угууга, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган маанилүү аянтча болду. Студенттер жетекчилик менен түз байланыш түзүп, алардын өз алдынча аракеттенүүсүнө, демилгелүү болушуна шыктандырган мотивациялуу саатка айланды.