1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

БАС кафедрасынын башчысы Ажыкулов Сапарбек Мажитович жогорку деңгээлдеги ачык сабак өттү

13-ноябрь күнү Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов  Сапарбек Мажитович ПОВТАС-2-24 тайпасына «Выбор платформы для электронной сборки ЭВМ» аттуу ачык сабак өттү.

Ачык сабакка ЖАМУнун Академиялык саясат департаментинин директору Турдубаева Бариса Майлыевна, ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Сабак жогорку методикалык деңгээлде, заманбап окутуу ыкмалары менен байытылган форматта өтүп, теория менен практиканын айкалышкан мыкты үлгүсүн көрсөттү. Материалдын терең түшүндүрүлүшү, студенттер менен активдүү интеракция жана практикалык бөлүктүн сапаты окутуучунун кесипкөйлүгүн ачык айкындады.

Катышуучулар Сапарбек Мажитовичтин сабакты жеткиликтүү, логикалуу жана өтө кызыктуу өткөрүү жөндөмүн өзгөчө белгилешти. Сабактын уюштурулушу, мазмуну жана методикалык жактан камтылышы өтө жогорку деңгээлде бааланып, окутуучунун профессионализмине жана терең билимине чоң алкоолор айтылды.

Жыйынтыгында ачык сабак кафедра тарабынан жогорку үлгүдөгү методикалык иш катары бааланып, катышкандар: «чын эле эч кандай сын табылбайт, сабак идеалдуу өттү» деп өз баасын беришти.