1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

БАС кафедрасынын окутуучусу Маматкулова Бегимай Ильичбековна жогорку деңгээлдеги ачык сабак өттү

12-ноябрь күнү Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын үйрөнчүк-окутуучусу Маматкулова Бегимай Ильичбековна ПОВТАС-2-24 тайпасына «Pythonдогу класстар: түзүлүшү, касиеттери жана иштөө принциптери» аттуу ачык сабак өттү.

Ачык сабакка ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн адиси Султаналиева Кумушай Кудайбердиевна, БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов С. М., ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Сабак заманбап методдор менен эң мыкты уюштурулуп, Python тилиндеги объектке багытталган программалоонун негизги түшүнүктөрү студенттерге терең жана жеткиликтүү баяндалды. Теориялык бөлүк менен практикалык тапшырмалардын айкалышы сабакты өзгөчө мазмундуу кылып, студенттердин кызыгуусун арттырды. Катышуучулар Бегимай Ильичбековнанын сабакты жандуу, түшүнүктүү жана интерактивдүү жүргүзүү чеберчилигин жогору баалашты. Материалды так жана орчундуу түшүндүрүү, студенттер менен активдүү иштөө, мисалдар аркылуу теманы терең ачып берүү — окутуучунун профессионализмин толук далилдеди. Жыйынтыгында сабак өтө жогорку деңгээлдеги методикалык иш катары белгиленди.