1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

ИЭТмаг-1-24 тайпасынын студенттери илимий-изилдөө практикасын ийгиликтүү жыйынтыктады

Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасына караштуу 710100 “Информатика жана эсептөө техникасы” багытынын (профиль: “Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары”) магистратура бөлүмүнүн ИЭТмаг-1-24 тайпасы 2025-жылдын 6-октябры – 1-ноябры аралыгында белгиленген илимий-изилдөө практикасын ийгиликтүү өтөп кайтышты.

Практика учурунда магистранттар диссертациялык темаларынын алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүп, теориялык билимин практикалык иштер менен айкалыштырышты. Алар программалык камсыздоону талдоо, маалыматтарды иштетүүнүн алгоритмдерин изилдөө, автоматташтырылган системалардын моделдерин түзүү жана аларды оптималдаштыруу багытында бир катар иштерди аткарышты.

Алынган маалыматтардын негизинде ар бир студент жеке илимий отчет даярдап, аны кафедралык комиссияга ийгиликтүү коргоп беришти. Комиссия мүчөлөрү магистранттардын илимий подходун, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүнүн жогорулугун белгилеп өтүштү. Мындай практикалар студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөөгө, илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги магистрдик ишин жазууга бекем негиз түзөрү айтылды.