1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

БАС кафедрасынын окутуучусу Нарматова Нургүл Токталиевна жогорку деңгээлдеги ачык сабак өттү

13-ноябрь күнү Агрардык-техникалык институтунун Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын окутуучусу Нарматова Нургүл Токталиевна ФМББ(М)-1-23 тайпасына «Canvaда документ түзүү» аттуу ачык сабак өттү.

Ачык сабакка БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С. М. Ажыкулов, ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Сабак заманбап окутуу ыкмалары колдонулган, интерактивдүү, мазмуну бай жана методикалык жактан мыкты уюштурулган форматта өттү.

Катышуучулар окутуучунун жогорку кесипкөйлүгүн, сабакты жеткиликтүү жана кызыктуу өткөрүү жөндөмүн, студенттер менен активдүү иш алып баруусун өзгөчө белгилешти. Сабактын уюштурулушу, мазмундун терең берилиши жана практикалык бөлүктүн сапаты өтө жогорку деңгээлде бааланып, окутуучунун методикалык даярдыгы жана компетенттүүлүгү алкышка татыктуу экени айтылды. Жыйынтыгында ачык сабак БАС кафедрасынын окутуучулары тарабынан жогорку профессионалдык үлгү катары бааланып, катышуучулар тарабынан «чындыгында эч бир сын айта албайсың, эң мыкты деңгээлде өттү» деген оң пикирлер айтылды.