1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

ЖАМУнун Ветеринардык медицина кафедрасынын 2016-жылкы бүтүрүүчүсү жана ОсОО «АгроветАзия» ветеринардык дарыканасынын Манас шаарындагы мүдүрү Абдумиталип уулу Али Сабыр тегин менен болгон маек.

ЖАМУнун Ветеринардык медицина кафедрасынын 2016-жылкы бүтүрүүчүсү жана ОсОО «АгроветАзия» ветеринардык дарыканасынын Манас шаарындагы мүдүрү Абдумиталип уулу Али Сабыр тегин менен болгон маекте, ал окуу мезгили, практика, окутуучулар жана университеттин учурдагы абалы тууралуу ой бөлүштү.

Анын айтымында, 2016-жылдарда билим берүү деңгээли жогору болуп, студенттер негизги маалыматты китептерден алган. Ошол учурда лабораториялык жабдуулар жетишсиз болсо да, окутуучулар жогорку деңгээлде сабак өтүшкөн. Бүгүнкү күндө университет жаңы лабораториялар, заманбап техникалар менен камсыздалып жатканы кубандырат.

Али мырза окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогору баалап, тажрыйбалуу жана жаш мугалимдердин бирге иштеши жакшы тенденция экенин белгиледи. Өндүрүштүк практика — студенттер үчүн абдан маанилүү, айрыкча жумуш ордунда окутуу ыкмасы жакшы натыйжа берип жатканын айтты.

Окууну бүткөн соң ал болжол менен алты ай ичинде ишке орношкон. Университеттен алган билим, анын ичинде теориялык жана коммуникациялык даярдык, профессионалдык жолунда чоң роль ойногонун баса белгиледи. Бүгүнкү күндө «АгроветАзия» компаниясында иштеп жаткан көптөгөн жетекчилер ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.