1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

Практиканы жыйынтыктоочу конференция 4-курстар үчүн

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында В-1-22 тайпасынын 7-семестрдин окуу-клиникалык практикасын жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.

Жыйында тайпанын 8 студентинин практика жыйынтыктары талкууланды. Алардын ичинен 7 студент Ноокен райондук Ветеринардык башкармалыгында, 1 студент Жалал-Абад шаардык Ветеринардык башкармалыгында өндүрүмдүү практика өтөп келишти.

Практика учурунда студенттер даярдалган жол картасына ылайык ар түрдүү ветеринардык иштерди аткарышып, тажрыйбалуу адистерден практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ведомстволор студенттердин жоопкерчиликтүү мамилесине жана активдүү катышуусуна ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле, студенттерге окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленип, окууну жакшы ийгилик менен аяктоо боюнча каалоо-тилектер айтылды.