1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

1

«Жашыл дем — улуттук дем» экологиялык акциясы өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасынын 1–4-курстарынын студенттери жалпы республикалык «Жашыл дем — улуттук дем» экологиялык акциясына жигердүү катышышты. Иш-чаранын алкагында студенттер айлана-чөйрөнү тазалоо, жашыл мейкиндиктерди көбөйтүү жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган иштерди аткарып, жаратылышка болгон камкор мамилесин көрсөтүштү.

Бул акциянын максаты — жаш муундун экологиялык жоопкерчилигин арттыруу, таза жана жашыл өлкө курууга студенттик жаштардын салымын көбөйтүү. Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери демилгени чоң жоопкерчилик менен колдоп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жигердүү иш алып барышууда.