1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

Ветеринардык медицина кафедрасында ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтуна караштуу ветеринардык медицина кафедрасында 1–4-курстардын студенттеринин ата-энелеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Чогулуштун жүрүшүнө АТИнин директору, директордун окуу иштери боюнча орун басары, кафедра башчысы жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Жыйында студенттердин окууга болгон жоопкерчилиги, сабактарга катышуусу, жүрүм-туруму, тарбиялык деңгээли жана жалпы билим сапаты тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүү, студенттердин жетишкендиктерин жана көйгөйлүү маселелерин биргелешип талкуулоо максатында пикир алмашуу болду.

Ата-энелер окуу процесси тууралуу ой-пикирлерин айтып, мугалимдерге жана институт жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Чогулуш жылуу маанайда өтүп, студенттердин келечектеги ийгиликтери үчүн ата-эне, мугалим жана студенттердин өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленди.