1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш-чара.

Агрардык техникалык институттун энергетика, өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жана ветеринардык медицина адистигинин студенттери үчүн «Жашоо тиричилик коопсуздугу» сабагынын алкагында жашоодогу ар кандай кооптуу кырдаалдарда жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык (доврачебный) жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Медицина институтунун коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын улук окутуучусу Абдымомунов Мамашарип Ахунович, Кызыл Ай коому, ошондой эле волонтёрлор Эмилбек уулу Мунарбек, Чолпон жана Раяна биргелешип уюштурушту.

Иш-чарага Агрардык техникалык институттун директору, э.и.д., профессор Карбекова Азиза Байматовна жана Медицина институтунун директору, б.и.д., профессор Сакбаева Зульфия Исраиловна катышып, студенттерге адам өмүрүнүн баалуулугу, өзгөчө кырдаалда тез жана туура аракеттенүүнүн мааниси тууралуу маанилүү ойлорун билдиришти. Алар мындай практикалык сабактар келечек адистердин жоопкерчилигин жогорулатып, коомго пайдалуу болууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин жана ыкмаларын үйрөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактап калуу үчүн туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Сабактын теориялык бөлүгүндө Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү студенттерге Кызыл Ай уюмунун тарыхы, анын дүйнө жүзүндөгү гуманитардык миссиясы, ишмердүүлүк багыттары жана эл аралык кызматташтыгы тууралуу кеңири маалымат беришти.

Практикалык бөлүгүндө Кызыл Ай коомунун адистери жабыркаган адамга жасалма дем берүүнүн (ИВЛ) ыкмаларын, жүрөккө түздөн-түз массаж жасоо жолдорун, ошондой эле жабыркаган адамды туура даярдоо ыкмаларын көрсөтүштү. Бул көрсөтмөлөр демонстрация (мастер-класс) форматында өтүп, студенттер ар бир аракетти өз алдынча аткарып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Катышуучулар бири-бири менен тажрыйба алмашып, көнүгүүлөрдү жуп болуп аткарып, туура жана туура эмес аракеттерди биргелешип талдап чыгышты. Натыйжада студенттер алгачкы жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмаларын туура жана ишенимдүү колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүштү.

Бул иш-чара студенттердин жашоодогу ар кандай кырсык же өзгөчө кырдаал учурунда тез жана туура аракеттенүү жөндөмүн арттырып, келечектеги кесиптик даярдыгын чыңдоого чоң салым кошту.

Иш-чаранын соңунда студенттер жана окутуучулар Кызыл Ай коомунун өкүлдөрүнө, Медицина институтунун улук окутуучусу Абдымомунов Мамашарип Ахуновичке, ошондой эле активдүү катышкан волонтёрлор Эмилбек уулу Мунарбекке, Чолпонго жана Раянага терең ыраазычылыгын билдиришти. Алардын демилгелүү иш-аракеттери жана практикалык билимди жогорулатууга кошкон салымы студенттер үчүн үлгү болду.