1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

60

ЖАЛАЛ-АБАД КӨМӨК ЧОРДОНУНДА ПОДСТАНЦИЯНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА НЕГИЗГИ ЖАБДУУЛАР МЕНЕН ТААНЫШУУ ТЕМАСЫНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ 

Агрардык техникалык институтунун энергетика багытындагы ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери окуу-таанышуу практикасынын алкагында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын көмөк чордонуна барып, жумуш ордунда окутуу иш-чарасына катышышты. Иш-чараны көмөк чордонунун жетекчилери  жана кафедрадан практиканын жетекчиси Ташиев агай биргелешип өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты: Подстанциянын жалпы түзүлүшү менен таанышуу, негизги жабдууларды көрүү жана алардын иштөө принцибин угуу, эске тутуу, электр схемасынын негизги элементтерин байкоо.

Студенттер таанышышкан жабдуулар: күч трансформаторлору, өчүргүчтөр жана разъединителдер, изоляторлор жана өткөргүчтөр, ток жана чыңалуу трансформаторлору, реле жана автоматика системалары (түшүнүү деңгээлинде).

Практикалык бөлүк: подстанциядагы жабдууларды байкоо жана алардын иштөө принципин угуу, бир сызыктуу схеманы карап чыгуу жана жабдуулардын белгилерин көрүп үйрөнүү, энергиянын агымын байкоо, суроо-жооп форматында жөнөкөй талкуу болду.

Натыйжа: студенттер Жалал-Абад көмөк чордонунун  түзүлүшү жана негизги жабдуулары менен таанышып, реалдуу өндүрүш шартында байкоо жана эске тутуу көндүмдөрүн алды.