1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

124

Физиотерапия сабагында ультразвук терапиясынын колдонулушу практикалык түрдө үйрөтүлдү.

2025-жылдын 24-октябрында В-1-21 тайпасы үчүн “Ультразвук терапиясы” темасында лабораториялык сабак болуп өттү. Сабакка 13 студенттин ичинен 10 студент катышып, 3 студент себептүү түрдө катышкан жок.

Сабакты окутуучу Төлөгөнова Жибек интерактивдүү жана практикалык ыкмада өткөрүп, студенттерди команда менен иштөөгө тартты. Сабактын жүрүшүндө студенттер ультразвук терапиясынын ветеринардык физиотерапиядагы ролу, таасир механизми жана колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат алышты.

Сабактын өзгөчөлүктөрү:

  • Командалык тапшырмалар жана интерактивдик оюндар уюштурулуп, студенттердин кызыгуусун арттырды;
  • Презентация аркылуу ультразвук терапиясынын физикалык негиздери жана биологиялык таасирлери визуалдуу көрсөтүлдү;
  • Ар бир топ өз жыйынтыгын талдап, алынган билимди практикалык мисалдар менен бекемдеди.

Сабакка доцент Орозбаев Болотбек Суюналиевич катышып, окутуу процессинин сапатын жана студенттердин активдүүлүгүн жогору баалады.

Иш-чаранын соңунда студенттер ультразвук терапиясынын маанисин, анын жаныбарлардын организмине тийгизген таасирин жана колдонуу эрежелерин терең түшүнүштү.