1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

153

Ачык саат: Энергетикалык системалар жана андагы негизги элементтер, функциялар.

Электроэнергетика жана механика кафедрасынын ачык сааттарды өтүү планынын жадыбалына ылайык  ЭС-1-25 тайпасына “Адистикке киришүү” дисциплинасынан “Энергетикалык системалар жана андагы негизги элементтер, функциялар” деген тема боюнча окутуучу М.Б. Кочкорова сабак өттү. Сабакты жандуу жана түшүнүктүү өткөрүү максатында студенттер топторго бөлүнүп, ар бир топко темага шайкеш болгон белгилүү бир тапшырмалар берилди.

Окуу процессинде сабак оюн түрүндө уюштурулуп, ар бир топ төмөнкү багыттар боюнча өз ойлорун талкуулап, презентация түрүндө коргоп беришти:

 • Энергетикалык системанын түзүлүшү жана негизги элементтери;

 • Электр станциялардын түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү;

 • Кыргызстандын энергетикалык системасынын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары;

 • Энергияны үнөмдөө жана альтернативдүү булактар.

Мындай ыкма студенттердин түшүнүгүн тереңдетүүгө, командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жандандырууга жардам берди.

Сабактын жыйынтыгында студенттер энергетикалык системалардын маанисин кеңири талдап, алган билимдери Kahoot интерактивдүү окуу платформасы аркылуу суроолорго бир нече варианттан туура жоопту тандоого негизделген викторинанын негизинде бааланды.