1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

141

Конок лекция: Электромагниттик өткөөл процесстер жөнүндө негизги түшүнүктөр.

2025-жылдын 30-октябрында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын Релелик коргоо жана автоматика бөлүмүнүн жетекчи адиси Азимбаев Улан Калипжанович тарабынан  ЭЭСС-1-22 тайпасынын студенттери үчүн «Электромагниттик өткөөл процесстер жөнүндө негизги түшүнүктөр» деген темада конок лекция өтүлдү.

Лекция учурунда лектор энергетикалык системалардагы өткөөл процесстердин физикалык маңызы жана алардын негизги себептери жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди. Өзгөчө көңүл төмөнкү жагдайларга бурулду:

- Электр тармактарындагы өткөөл процесстер кыймылдаткычтардын жана башка энергия кабыл алуучулардын кошулуп-өчүрүлүшү; - Кыска туташуулар (КЗ); - Автоматтык кайра кошулуу процесстери; - Системадагы фазалардын тең салмактуулугунун бузулушу; - Синхрондук машиналардын ишке кириши же токтоп калышы сыяктуу учурларда пайда болору айтылды.

Азимбаев Улан мырза ошондой эле “глухозаземленный”  жана “изолированный” нейтралдуу системалардагы жерге тийүү (замыкание на землю),  чукул туташуу процесстеринин  айырмачылыктарын түшүндүрдү. Ал мындай өткөөл кубулуштар учурунда электр агымынын өзгөрүшү, чыңалуунун төмөндөшү жана системанын туруктуулугу кандай өзгөрөөрүн мисалдар аркылуу көрсөттү.

Лекция жогорку деңгээлде өтүп, студенттер реалдуу өндүрүш шарттарындагы кырдаалдар менен таанышып, практикалык суроолорго жооп алышты. Иш-чаранын соңунда кафедра жетекчилиги тарабынан Азимбаев Улан мырзага  ыраазычылык билдирилип, мындай пайдалуу тажрыйбалык жолугушууларды улантуу сунушталды.