1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

135

Милиция менен маек: жаштар укук жана тартип тууралуу баарлашышты.

Бүгүн Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Спутник шаардык милиция бөлүмчөсүнүн улук милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын лейтенанты Тойчиев Искендер Молдобаевич Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун максаты — жаштар арасында мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти чыңдоо жана студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу болду.

Милициянын өкүлү студенттерге мыйзам бузуу жана жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берип, коомдук тартипти сактоодо ар бир жарандын ролу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле жаштарга туура багыт алуу, сабырдуулук жана жарандык жоопкерчилик тууралуу насааттар айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, студенттер милиция кызматкерине ыраазычылыктарын билдиришти.