1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

126

ЖИнин энергетикада колдонулушу боюнча дүйнөлүк тажрыйбалар талкууланды.

2025-жылдын 30-октябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун БАС кафедрасынын окутуучусу Конурова Ш.Т. тарабынан «Жасалма интеллекттин энергетика тармагында колдонулушу боюнча дүйнөлүк мисалдар» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Иш-чара ЭС-1-25 тайпасынын студенттери үчүн уюштурулуп, заманбап технологиялардын өнүгүүсүнө жана алардын энергетика тармагындагы маанисине багытталды.

Ачык сабактын жүрүшүндө окутуучу Конурова Ш.Т. дүйнөлүк деңгээлдеги инновациялык тажрыйбаларды, жасалма интеллекттин электр энергиясын үнөмдөө, автоматтык башкаруу жана жаңылануучу энергия булактарын оптималдаштыруу тармактарындагы ролун кеңири түшүндүрүп берди. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышып, өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М. Ажыкулов жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышып, ачык сабактын уюштурулушу менен мазмунуна жогору баа беришти. Алар Конурова Ш.Т.нын методикалык ыкмаларын жана студенттердин жигердүү катышуусун белгилешип, мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенциясын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгилешти.

Ачык сабак жыйынтыгында катышуучулар жасалма интеллектти энергетика тармагында колдонуу келечеги боюнча талкуу жүргүзүп, бул багыттагы илимий изилдөөлөрдү тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.