1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

138

Жаңы мүмкүнчүлүктөр жолу: бүтүрүүчүлөр эмгек жарманкесинде.

2025-жылдын 22-октябрь күнү БАС кафедрасынын ИЭТ-1-21 тайпасынын бүтүрүүчү студенттери куратору Р. Р. Шеркуловдун коштоосунда бош жумуш орундардын жарманкесине барып катышып келишти.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге эмгек рыногунун учурдагы абалы менен тааныштыруу, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүү жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыкты жогорулатуу болду.

Жарманке учурунда студенттер ар түрдүү уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрү менен маектешип, бош орундар, талаптар жана стажировкалар тууралуу маалымат алышты. Бул жолугушуу бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү тажрыйба болуп, алардын келечектеги жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик багытын аныктоого, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана теориялык билимин практикалык тажрыйба менен бекемдөөгө өбөлгө түзөт.