1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

190

Кыргыз тили эчен кылым карыткан!

БАС кафедрасы тил майрамына жана мамлекеттик тил макамын алганына 36 жыл толгондугуна карата “Кыргыз тили эчен кылым карыткан” аттуу иш-чара уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин маңызын даңазалоо, кыргыз тилинин тарыхый баалуулугун жана коомдук турмуштагы ордун баса белгилөө болду.

Иш-чарага БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов С.М., ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Катышуучулар кыргыз тилинин эзелтен бери калыптанган улуттук иденттүүлүктөгү орду, аны сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүшүп, студенттерге үлгү боло турган маанилүү ойлорду айтышты.

Иш-чара жүрүшүндө кыргыз тилин ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган баяндамалар окулуп, тилдин байлыгы жана тарыхы боюнча талкуулар уюштурулду.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүүгө жана жаш муундардын тилге болгон сүйүүсүн арттырууга өбөлгө түзөт.