1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

122

БАС кафедрасында «Комуз күнү» белгиленди.

9-сентябрда БАС кафедрасында кыргыз элинин руханий мурастарынын бири болгон Комуз күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага кафедранын бардык тайпалары жана окутуучулук-профессордук курамы активдүү катышты.

Студенттер өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, комузда түрдүү күүлөрдү аткарып, айрымдары күү чертүүдөгү чеберчилиги менен айырмаланды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга комуздун тарыхы, улуттук маданияттагы орду жана мааниси тууралуу кызыктуу маалыматтар берилди.

Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүп гана тим болбостон, улуттук баалуулуктарды да даңазалоого чоң салым кошту. Комуз күнү кафедрада жылуу маанайда өтүп, катышуучуларга кубаныч тартуулады.