1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

148

Трансформатордук майдын сапатын баалоо жана лабораториялык процесстер менен таанышуу боюнча дуалдык окутуу иш-чарасы

Агрардык техникалык институтунун энергетика багытындагы студенттери  окуу-таанышуу практикасынын алкагында  Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын лабораториялык-техникалык бөлүмүндө  дуалдык окутууга катышышты.

Иш-чараны бөлүмдүн жетектөөчү адиси Жусупов Канат жана кафедрадан  практиканын жетекчиси Замир Ташиев биргелешип өткөрүштү. Алар студенттерге трансформатордук майдын сапатын баалоонун мааниси, анын ичинде электрдик чыңалууга туруштук берүү жөндөмү (электрдик прочность), нымдуулук деңгээли, кислоттуулук жана ар кандай кошулмалардан (приместерден) тазалоо жолдору боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.

Мастер-класс форматында өткөн иш чарада студенттер лабораториялык жабдуулар жана өлчөө приборлору менен таанышып, май үлгүсүн көрүү, сушка (кургатуу) процесси жана сыноо жүргүзүү тартиби  менен таанышышты. Демонстрация учурунда адистер  диэлектрдик сыноо аппаратынын иштөө принцибин, майдын нымдуулугу жана кислоттуулук көрсөткүчтөрүнүн маанисин  көрсөтүп түшүндүрүштү.

Студенттер май үлгүсүн байкоо, жабдууларды кароо, приборлордун иштөө принциптерин аңдоо жана суроо-жооп форматында талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул иш- чаранын негизги максаты — трансформатордук майды текшерүүдө колдонулуучу лабораториялык ыкмалар менен таанышуу жана алардын маанисин түшүнүү болду.

Натыйжада студенттер реалдуу өндүрүш шартында лабораториялык процесстер менен таанышууга, ошондой эле электр жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда майдын сапатынын маанисин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.