1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

125

Изоляциялык материалдардын түрлөрү жана аларды колдонуу боюнча дуалдык окутуу иш-чарасы.

Агрардык техникалык институтунун энергетика багытындагы студенттери окуу-таанышуу практикасынын алкагында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын изоляция бөлүмүндө практикалык дуалдык окутуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чараны бөлүмдүн орун басары Масабиров Искендер жетектеди. Ал студенттерге изоляциянын электр тармагындагы ролу, изоляциялык материалдардын түрлөрү жана алардын колдонулушу боюнча кеңири түшүндүрмө берип, демонстрациялык көрсөтмө (мастер-класс) өткөрдү. Практиканын жүрүшүндө студенттер фарфор, полиэтилен, резина жана мунай майлары сыяктуу изоляциялык материалдардын өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле бул материалдардын трансформаторлордо, кабелдик линияларда жана жогорку чыңалуудагы жабдууларда колдонулушунун принциптерин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Демонстрация маалында студенттер изоляциянын бузулуу себептерин жана аны калыбына келтирүү ыкмаларын талкуулап, айрым иштерге өз колдору менен катышышты — изоляцияны кармап көрүү, коргоочу катмарды текшерүү, суроо-жооп форматында баарлашуу жүргүзүлдү.