1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

15

Жаштар жумалыгынын алкагында "Жетекчи менен 1 саат" аттуу жолугушуу

Жаштар жумалыгынын алкагында Агрардык-техникалык институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Карбекова Азиза Баймаматовна институттун студенттери менен «Жетекчи менен 1 саат» аттуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин билим алуусу, окуу процессиндеги көйгөйлөрү, жаштардын демилгелери жана алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын билдиришти.

Иш-чара студенттер менен институт жетекчилигинин ортосундагы ачык баарлашууну өнүктүрүүгө, жаштардын активдүүлүгүн арттырууга жана алардын сунуш-пикирлерин угууга багытталды.