“Эне тил - улуттун уңгусу,көөнөрбөс мурасы”

Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунун
Педагогикалык колледжинде 23 - сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата тилдин улуулугун, ыйыктыгын даңазалоо жана аны өнүктүрүү максатында
“Эне тил - улуттун уңгусу, көөнөрбөс мурасы” аттуу концерттик программа өткөрүлдү. Концерттик программа Жалпы билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили жана адабияты окутуучулары Торобекова Чолпонай Уланбековна, Абдуллаева Улара Маматкасымовна, Нурмамат кызы Дилде, Осмонова Майрам Сулаймановна тарабынан уюштурулуп, 1-курстун студенттери катышты. Концерттик программанын жүрүшүндө кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырлар , сахна көрүнүштөр, манас, дастандар, көркөм окуулар, улуттук бийлер аткарылды. Концерттик программаны ачып берүү үчүн сөз Педагогикалык колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кушбакова Рахат Шүкүровнага берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адиси Кайкиева Улпат Тагайбековна куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Концерттик пргорамманы Жалпы билим берүү бөлүмүнүн ПЦКсынын төрагасы Токтоматова Гульнара Орунбаевна жыйынтыктады