Кыргыз тилинин абалы жана көйгөйлөрү

Кыргыз тили күнү жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 36 жылдыгы “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин педагогикалык колледжинде салтанаттуу белгиленди.
Студенттер арасында бүгүнкү күндө кыргыз тилинин абалы, жаштардын эне тилге болгон мамилеси боюнча “Кыргыз тилинин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү” аталышында дебат уюштурулуп, башталгыч класстарда окутуу адистигинин тайпаларынын арасында өткөрүлдү.
Иш-чарага ЖАМУнун окутуучулары Ү.Т. Кайкиева, К.П. Салибаева жана Р.Ш. Кушбакова катышып, дебаттын жүрүшүндө – тилди сактоо жана өнүктүрүү багытындагы студенттик демилгелерди жогору баалап, бул иш-аракеттер коомчулуктун аң-сезиминде тилге болгон жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилешти.