1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

19

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде студенттер менен түшүндүрүү жыйналышы өткөрүлдү

2025-жылдын 5-сентябрында ЖАМУнун педагогикалык колледжинде 1- 2  жана 3-курс студенттеринин катышуусунда жалпы жыйналыш болуп өттү.Иш чараны ПКнын МТ,тарбия жана социалдык иштери боюнча директордун орун басары Р.Ш.Кушбакова уюштурду.

Жыйналыштын жүрүшүндө колледждин жетекчилиги жана окутуучулар курамы студенттерге төмөнкү негизги темалар боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү:

·         Студенттик форма жана сырткы келбет: Ар бир студент окуу жайдын талаптарына ылайык форманы татыктуу жана таза кийип жүрүүсү керектиги баса белгиленди. Бул — студенттин билим алып жаткан окуу жайына болгон урмат-сыйын жана жоопкерчилигин билдире турган маанилүү фактор экени айтылды.

·         Жеке гигиена жана тазалык: Колледж аймагында жана жалпы коомдук жайларда тазалыкты сактоо, өздүк гигиенаны кармануу студенттердин маданият деңгээлин көрсөтөрү эскертилип, тазалык — коомдук жашоонун негизги бөлүгү экени түшүндүрүлдү.

·         Жүрүш-туруш жана этика: Студенттерден коомдо, колледжде, коомдук транспортто жана башка жерлерде өзүн маданияттуу, сылык алып жүрүү талап кылынары белгиленди. Өз ара сый-урматта мамиле кылуу, улууларды урматтоо, кичүүлөргө үлгү болуу сыяктуу баалуулуктар баса белгиленди.

·         Окуу жайдагы жүрүм-турум эрежелери: Сабакка кечикпей келүү, сабак учурунда тартипти сактоо, мугалимдерге жана курсташтарга сылык мамиле кылуу, уруксатсыз окуу имаратынан чыгып кетпөө ж.б. тартип маселелери боюнча да эскертүүлөр берилди.

Иш-чаранын соңунда колледж администрациясы студенттерди жаңы окуу жылында ийгиликтүү билим алып, өзүн мыкты жактан көрсөтүүгө чакырып, ар бир студенттин жүрүм-туруму жана тартиби жалпы колледждин аброюна таасир этерин эске салды.

Мындай түшүндүрүү иш-чаралары студенттердин тартиптүү, маданияттуу жана жоопкерчиликтүү инсан болуп калыптанышына өбөлгө түзөрү белгилүү болду.