1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

2025-2026-окуу жылына карата өткөрүлгөн педагогикалык кеңеш

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин педагогикалык институтунун педагогикалык колледжинде педагогикалык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө колледждин жылдык иш пландары, жаштар комитетинин курамы, стартап уюмунун жооптуу жетекчисинин ошондой эле колледждин негизги миссиясы аныкталып бекитилди. Билим берүү программалары, жумушчу программалар, силлабус, УМК, жумушчу дептерлер, негизги билим берүү программаларына карата жумушчу топтун курамы бекитилип, алдыга коюлган максаттарга жана ийгиликтерге жетүү айтылды.