“Жайкы лагерь – 2025 аяктады”

Жалал-Абад педагогикалык колледжи жана Орто Азиядагы Эл аралык университети менен келишимдин негизинде Чет тили адистигининин студенттери үчүн бир жумалык “Жайкы лагерь - 2025” аяктады.
Студенттер үчүн жайкы лагердин «Be an Influencer»-"Таасир берүүчү бол" темасы күнүмдүк практика, жеке үлгү, окутуу, ошондой эле санариптик жана чыгармачыл иш-аракеттер аркылуу башкаларды шыктандырып, аң-сезимдүү таасир көрсөтүү идеясын ачып берди. Ошондой эле студенттердин англис тилине болгон кызыгуусун арттырып, өздөрүнүн ар кандай жөндөмдүүлүктөрүн жана шыктарын көрсөткөнгө жетишти.
Жыйынтыгында лагердин уюштуруучулары активдүү катышкан студенттерге сертификаттарды жана белектерди берип кубандырды. Андан соң ЖАПКнын директору А.Т. Маматумаров алыстан келген конокторго ушундай мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтты.