1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

63

Ийгиликтүү башталгыч класс мугалими кандай сапаттарга ээ болушу керек

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсында Ү.Т.Кайкиева жана А.Ажикулованын уюштуруусунда иш берүүчүлөр менен БКМ адистигинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаты: Иш берүүчүлөр менен жолугуп кесиптик байланыштарды кеңейтүү, келечектеги кызматташуу, бүтүрүүчүлөрдөн талап кылынган көндүмдөр жана келечектеги өнүгүүлөр тууралуу баарлашуу, иштөө шарттары жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды алуу.

Иш-чараны ЖАПКнын директору Маматумаров Абубакир Таштемирович ачып берип, замапбап мугалимдин билим берүүдөгү орду, милдеттери тууралуу токтолду.

Иш берүүчүлөр Жалал-Абад шаарындагы №22 жалпы негизги билим берүүчү мектебинин директору А.К.Алтыбаева

№23 жалпы билим берүүчү мектептен Ш.Э.Талжиходжаевалар аталган тема боюнча слайддар аркылуу баяндама жасашты.

Жолугушууда төмөнкү меселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү.

-Башталгыч класстын мугалиминин ролу жана мааниси;

-Педагогикалык ыкмалар жана технологиялар: Иш берүүчүлөр окутуу процессинде кандай жаңы ыкмаларды жана технологияларды колдонууну күтүшөт? (интерактивдүү окутуу, долбоордук ишмердүүлүк, онлайн ресурстар).

-Предметтик билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр: Башталгыч класстарда көп көнүл бурулган предметтер жана мугалимдерден талап кылынган предметтик билимдер;

-Балдардын психологиясын жана өзгөчөлүктөрүн билүү, инклюзивдик билим берүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөдө мугалимдер кандай даярдыкка ээ болушу керек? Иш берүүчүлөр бул багытта кандай талаптарды коюшат?

-Жумушка орношуу жана карьералык өсүү;

-Бош орундар жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, учурда башталгыч класс мугалимдерине болгон суроо-талаптар;

-Жаш мугалимдерди колдоо программалары;

-Учурдагы билим берүү системасынын актуалдуу маселелери;

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Соңунда ЖАПКнын окуу өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиева иш-чараны жыйынтыктап, конокторго окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттарды тапшырды.