1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

35

Жалал- Абад педагогикалык колледжинин окутуучулары эл аралык илимий конференцияда

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети,        И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган профессор  Сартбаев  Каратай  Сартбаевичтин  95  жылдыгына   арналган «Сартбаевдик окуулар-2025» иш-чарасынын алкагында жана илимий эмгектерин жайылтуу максатында «Заманбап билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу Эл аралык илимий- практикалык конференцияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана ЖАПКнын окутуучулары да катышып келишти. Бул эл аралык илимий-практикалык конференция Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетининде болуп өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты - профессор Сартбаев Каратай Сартбаевичтин чыгармачылыгын түрк дүйнөсүнө жана жаш муундарга таанытуу, изилдөө жана окутуу болду. Илимий конференцияда жогорку деңгээлдеги илимий макалалар окулуп, сертификаттар менен бирге сыйлыктар тапшырылды.

Бул тууралуу чет тили окутуучусу Замира Женалиева билдирди