Квалификациялык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

Жалал-Абад педагогикалык колледжининде, чет тили адистигинин 3-курсунун студенттеринин квалификациялык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияда АТб-2-22 (9), АТк-2-22 (9), АТк-3-22 (9), АТк-4-22 (9), АТк-5-22 (9), АТк-01-23 (11), АТк-02-23 (11) тайпаларынын студенттери квалификациялык практикасынындагы жетишкендиктери, кемчилдиктери,сунуштары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. Конференциянын аягында практиканы ийгиликтүү өтөп келгендиктери үчүн жетекчилер тарабынан атайын номинациялардын негизинде ардак грамоталар тапшырылды.