1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

1

Жумуш ордунда окутуу – ишкердиктин башталышы

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Кубатбек кызы Элзада Атб-2-22 жана Атк-4-22 тайпаларынын студенттери менен бирге,  жазуу кебинин практикуму деген сабактан жумуш ордунда окутуу болуп өттү.  Жумуш ордунда окутуу Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Америка Ордосунда “бизнесс кат жазуу” деген темада болуп өттү.

Америка Ордосунун жетекчиси Мурзалиев Манас агай студенттерге чет өлкөгө барганда же жумушка киргенде кандай резюме жана кантип бизнесс каттарды жазууну көрсөтүп, чет өлкөдөгү ишкердиктер жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Америка Ордосунда студенттер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү да сунуштап кетти.

Жыйынтыгында студенттер бизнесс каттардын үлгүлөрү менен таанышып, өз алдынча да кат жазуунун үйрөнүштү. Чет тили адистигинин студенттери болгондуктан, барына кызыктуу жана пайдалуу болду.