«Ар бир сабак — тажрыйбанын жаңы баскычы»

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын ” Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин БКМб-2-3-22(9), БКМк-02-04-05-23(11), БКМк-2-3-4-5-22(9) тайпаларынын студенттерине мамлекеттик практика боюнча рефлексиялык конференциясы 23-апрель күнү АТФнын чон жыйындар залында өткөрүлдү.
Рефлексиялык конференция студенттердин теориялык билимдерин практика да колдонуудагы ишмердүүлүгүн баалоо, өз ара тажрыйба алмашуу жана практика учурундагы каталар, аларды жоюунун жолдору боюнча сунуштарды көрсөтүү максатында уюштурулду.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү программанын негизинде практика жетекчилери студенттер үчүн презентация жасашты:
1. Сабактын типтери жана структурасы (практика учурундагы сабактын иштелмесиндеги каталар жана аларды жоюунун жолдору боюнча сунуштар.
(Айдарова Н. А., Маматкулова Н, Маккамбай кызы Р., Касымова А. Тавалдиева Ж)
2. Жат жазуу жана текшерүү иш жазуу сабактарынын иштелмесине сунуштар (ИсираиловаН., Козубаева С., Ажикулова А., Аккулуева Н., Абдуллаева У.,)
3. Сабак учурунда окуучуларды башкаруу жана көйгөйлүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун сунуштоо (Досалиева М., Пахирдинова Л., Жумабаева Д.С., )
5. Математика сабагында маселелерди чыгаруудагы көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдорун сунуштоо (Куваков Ж., Маткасымова, Торобекова М. Тобокелова С.А.)
6. «Идеялар устаканасы», тажрыйба алмашуу. Студенттер сабактар үчүн кызыктуу материалдарды жана идеяларды интернет булагынан табуу жолдорун тааныштыруу.
Ар бир презентациянын жыйынтыгында студент-практиканттар менен талкуу болду. Мында студенттер учурдагы көйгөйлөр жана анын чечүүнүн жолдору боюнча берген суроолоруна жетекчилерден жоопторду ала алышты.
Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С. жана ЖАПКнын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Кайкыева Ү.Т. катышып базалык мекемелер боюнча суроолорго жооп беришти, практика учурундагы көйгөйлөрдү талкуулашты.