1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

46

ЖАПК да мамлекеттик практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинде Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3-курсунун БКМб-2-3-22(9),БКМк--02-04-05-23(11), БКМк-2-3-4-5-22(9) тайпаларынын студенттери үчүн практика жетекчилери менен биргеликте, белгиленген графикке ылайык мамлекеттик практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана ӨП уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, ЖАПКнын өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкиева, БКО жана КТ ПЦКсынын төрайымы М.К.Мамбетова, практика жетекчилери В.М.Арзыматова, А.Ажикулова катышышты. Жөнөтүү конференциясы ар бир группада өткөрүлүп, Башталгыч класста окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары тарабынан мамлекеттик практика үчүн түзүлгөн жол карта менен таанышып, студенттер топторго бөлүнүп иштеп, ар бир жумада аткарылуучу иштерин презентациялашты. Аткарылуучу иштердин мазмунуна, практика учурунда аткарылуучу жазуу иштеринин жүргүзүлүшүн талкуулашты. Практика жетекчилерден кызыккан суроолорго жооп алышты. Ошондой эле студенттер техникалык коопсуздук эрежелер менен таанышып, мектепке алып бара турган санитардык китепчелери толук даяр экендигин билдиришти. Студенттерге жолдомолор берилип, бөлүнгөн мектеби жана практика жетекчилери угузулду. Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун мектептерине жайгаштырылды.