1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

50

МЧББ адистигинде Мамлекеттик практика учурундагы базадагы иш чаралар.

МЧББ б,к 2-22 тайпасынын студенттерине базадагы иш чаралар өтүлө баштады.

Бул жолку иш чара "Жоогазын" мектепке чейинки билим берүү уюмунда "Жогорку жана даярдоо тайпаларында нейро оюндарды уюштуруу" аттуу темада мастер класс менен башталды. Нейро оюндар боюнча теориялык түшүнүктү МЧББ ПЦКсынын окутуучусу Мамасалиева А. берип өткөндөн кийин жогоруда аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун орто тайпасынын тарбиячысы Жолдошева Бегимай өзүнүн тарбиялануучулары менен студенттерге манжаларга жасалуучу нейро көнүгүүлөрдү демонстрациялады. Студенттер өздөрү да бул көнүгүүлөрдү жасап, мастер класска активдүү катышышты. Практиканттар "Жоогазын" МЧББУнун усулдук бөлмөсүндөгү STEM сабагында колдонулуучу оюнчуктар жана шаймандар менен да таанышып алышты.

МЧББ адистигинде базадагы иш чаралар кийинки жумаларда шаарыбыздын башка мектепке чейинки билим берүү уюмундарында уланмакчы.