Мектепке чейинки билим берүү адистигинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү мектепке чейинки билим берүү адистигинде МЧББб 2-23 тайпасынын студенттерине шаарыбыздын №19 "Коңгуроочо", №16 "Ромашка" мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын методисттеринин катышуусунда "Практиканын сапатын көтөрүүдөгү иш берүүчүлөрдүн салымы" аттуу иш чара уюштурулду. Бул жолугушууда "Коңгуроочодон" Момбекова Жыпаргүл Токтомамбетовна, "Ромашкадан" Мырзабекова Жийдегүл Базарбаевналар студенттер менен жандуу пикир алышуу жарата алышты. Студенттер жана иш берүүчүлөр окуу практикасы жана жол картанын айланасында талкуу жүргүзүштү. Иш берүүчүлөр практикага барган студент эмнелерге даяр болуш керек экендигин, кандай кесиптик жана инсандык сапаттар учурдун талабы болуп тургандыгы тууралуу кеңири ой бөлүшүштү. Келген конокторго колледждин атынын ыраазычылык каттар ыйгарылды.