“ЭНЕ ТИЛИМ БАЙЛЫГЫМ ”

Жалал-Абад педагогикалык колледжи башталгыч класстарда окутуу адистигинин БКМк-02-24 тайпасында 20-февраль күнү бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата
“Эне тилим – байлыгым” деген темасында куратордук саат өткөрүлдү.
Куратордук сааттын максаты: Студенттер өз эне тилин сүйүүгө жана кадырлай билүүгө, өз ойлорун көркөм сөз каражаттарын пайдаланып эне тилинде жеткире билүү мүнөзү боюнча атайын маалыматтарды берүү менен презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, суроо-жооптор уюштурулду. Тема боюнча жан дүйнөнүн көйгөйлөрүн чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүү менен эне тилди даңазалаган учкул сөздөрдү айтышты.
Куратордук саатка ЖАПКнын Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары катышып, мааниси терең, мазмуну бар тарбиялык иш-чара өткөрүлгөндүгүн баса белгилешти .
Иш чараны уюштурган
Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу
Миңбаева Жайнагүл Анваровна