“ Эне тилим- мурасым”

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын мугалими Н.М.Маматкулова БКМк-03-24 тайпасында 21-февраль- Бүткүл дүйнөлук эне тили күнуно карата 20-февраль күнү “ Эне тилим- мурасым” деген темада куратордук саат өткөрулдү.
Максаты:Эне тилине болгон кызыгуусун арттырып, тилдин коомдогу ордун, маңызын, мурас катары сактап келечекке өткөрүү үчүн ар бир адамдын милдетин түшүндүү.
Сабакта студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгы менен “ Эне тили” жана “ Кыргыз тили ” –деген темада көркөм окуу , макалдар айтылып, кыргыз, казак, өзбек, орус, түрк, кытай, араб улуттундагы элдердин улуттук тилинде, кийиминде тамактарын тартуулашты.