21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү”

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад педагогикалык колледжинде, Жалпы билим берүү ПЦКна караштуу МЧББк-2-24 тайпасынын куратору Жороева Алмагүл эжеке тарабынан 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил” күнүнө карата ачык тарбиялык сабак тайпа тарабынан концерттик программанын негизинде өткөрүлдү.
Бул тарбиялык сабакка Жалпы билим берүү ПЦКнын башчысы Г.Токтоматова о.э окутуучулар катышты.
Алгач сөздү куратору Жороева Алмагүл эжеке 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп дагы айтышат. Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда тураарын айтып өттү.
Тайпанын старостасы Ачалова Шахноза келген коноктор менен амандашып, өзү даярдап келген доклады боюнча келген конокторго окуп берди. Андан соң тайпадагы студенттер ар түрдүү тилде макалдарды, ырларды, обондуу ырларды ырдап бийлеп келген конокторго көнүлдү кече тартуулашты.
Кеченин сонунда Жалпы билим берүү ПЦКнын башчысы Г.Токтоматова эже куттуктоо сөзүн айтып тайпадагы студенттерге окуудагы ийгиликтерди каалады, о.э улуу муундагы окутуучулар Д.Талипова, Ж.Жапарова, Ч.Токтосунова эжекелерге сөз берилди студенттерге ушул күндүн азыркы учурдагы актуалдуулугун, тарыхын, максатын, келечек муундарга пайдасын эң жакшы түшүндүрүп о.э насааттарын айтышып студенттерге эң жакшы каалоо тилектерин айтышты.