Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү

Бүгүн, 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш чара болуп өттү. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөдө белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп да аташат.
Ал эми БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн резолюциясында 2008-жылды «Эл аралык тил жылы», ал эми 2010-жылды болсо, «Эл аралык маданиятты таанытуу жылы» деп жарыяланган.
ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 миңге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 миңге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Дүйнө жүзүндө 2 миңден — 4 миңге чейин улут жана 3 миңден — 6 миңге чейин тил бар экендиги айтылып келет. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили болуп саналат. Бүгүн Б Осмонов атындагы Жалла-Абад мамлекеттик университети Жалал –Абад педагогикалык колледжинде эл аралык Эне тил күнүнө карата ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Калчакеева Айдай Кубанычбекоына АТк 5-24 тайпасы менен биргеликте тарбиялык саат өттү. Иш-чаранын максаты; Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.