Жалал-Абад педагогикалык колледжинде жумуш ордунда окутуу уланууда

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тилдер ПЦКдагы Атк-01-24 тайпасы жумуш ордунда окутуу боюнча шаардагы №7 О. Усман мектебинде болушту.
Жумуш ордунда окутуу башталгыч класстарга англис тилин окутуунун усулу дисциплинадан өтүлдү. Окутуучу студенттерге сабак өтүүнүн усулдарын үйрөтүү менен бирге, сабактын структурасын колдонуп сабакты жандуу өтүп бергенге жетишти.
Сабакты студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүнө негизделген сүйлөө, угуу, окуу көндүмдөрүн калыптандыруучу тапшырмаларды аткаруу менен өтүштү. Жалал-Абад педагогикалык колледжинин чет тили окутуучусу Женалиева Замиранын билдирүүсүндө студенттер мектептен, англис тилин мектептерде сабак өтүүгө мотивация алышып, шыктануу менен кайтышты.