1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

103

БҮТКҮЛ РЕСПУБЛИКАЛЫК МАНАС ТААНУУЧУЛАР ФОРУМУ: МАДАНИЙ МУРАСТЫ ЖАЙЫЛТУУНУН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ

Бишкекте алгачкы ирет Бүткүл республикалык манас таануучулардын форуму өтүүдө. Иш-чара “Манас” Улуттук академиясынын демилгеси менен уюштурулуп, эпосту изилдөө, жайылтуу жаатында иш алып барган белгилүү окумуштууларды, педагогдорду жана коомдук ишмерлерди бириктирди. Форум мамлекеттик жана коомдук деңгээлде “Манас” эпосунун руханий жана маданий дөөлөт катары уникалдуу ордун бекемдөөнү көздөйт. Форумдун ишине өлкөнүн 7 облусунан келген жогорку окуу жайлардын жана колледждердин окутуучулары, мектеп мугалимдери, илимпоздор жана маданий ишмерлер катышууда. Иш-чаранын максаты – “Манас” эпосун изилдөө жана жайылтуу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды ортоктошуп, заманбап ыкмалар жана технологиялар аркылуу кыргыз жаштарынын эпоско болгон кызыгуусун арттыруу. Форумда төмөнкү маанилүү темалар талкууланууда: • “Манас таануучулардын “Манас” эпосун жайылтуудагы ролу: жаштардын манас таанууга болгон кызыгуусун арттыруу ыкмалары”; • “Манас” – кыргыз элинин маданий коду. “Манас” маалымат майданында”; • “Манас” эпосун жайылтуудагы инновациялык мамилелер: заманбап ыкмалар жана технологиялар”. Иш-чаранын ачылышына Б.О Атындагы Жалла-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары Абдувалиев Ибраим Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору ,Шерипбаева Амангелди, ЖАПКнын тарых жана философия окутуучусу ЖАГУнун аспиранты Калчакеева А.К Форумдун жүрүшүндө “Манас” эпосун маданий жана агартуу процессине активдүү интеграциялоо боюнча маанилүү сунуштар айтылып, манас таануудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. “Манас” улуттук академиясы бул форумду мындан ары да эпосту изилдөө, жайылтуу жана жаш муунарга жеткирүү боюнча платформанын негизги багыты катары өнүктүрүүнү көздөөдө.