- Бала бакчалар
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү мекемеси
- Жаңылыктар
23-сентябрь мамлекеттик тил күнү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы МЧББУнун тарбиялануучулары жана тарбиячылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдашты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар кыргыз тилин даңазалаган ырлар, жомоктор жана оюндар менен катышышты. Майрам улуттук маданиятты, тилди урматтоону жана мекенге болгон сүйүүнү тарбиялоого багытталды.